күймөл

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Буйдалуу, кармалып калуу, токтолуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…изеде, / Кандагай шымы кийилүү, / Кара темир калдыркан, / Үзөңгүдө илилүү, / Асылдын аты Майтору, / Кара бойу капталуу, / Кандагай менен чапталуу, / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы / Баары күмүш түймөлүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топчу кулак кер атты, / Кандагайга каптаган, / Кара бойун чаптаган, / Минип турган кер аттын, / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы, / Баары күмүш түймөлү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сары арпаны түктөткөн, / Балтыр атка жүктөткөн, / Казатка минчү аттары, / Кара бойу чапталуу, / Кандагайга капталуу; / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы, / Баары күмүш күймөлүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жүрүпсүңөр нечен жыл, / Мен жетимди күймөлөп, / Жүргөнүңөр чын болсо, / Күмүшбулак жетели, / Алике менен Сатике, / Кендирин иттин кесели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы, / Баары күмүш түймөлүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →