күймө
- Кап, каптагыч.
- Эки дөңгөлөктүү жеңил арабанын үстүндөгү калканч жапкычы – кабы, кооздолгон жабуусу.
- Баатырлардын минген аттарынын согуштук жабуусу. Калың тери, кайыштан иштелген каптагыч жабуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кудук баккан немеден, / Тура калды суу сурап, / — Күймө булак жалгыз көз, / Күнү-түндө бир көнөк, / Араң мындан суу чыгат, / Жалгыз көнөк суумду, / Ичип алсаң сен сурап, / Эртең кудук толгуча, / Тура албаймын мен чыдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →