күйкө
- аңч. Өңү кызыл чаар алгыр куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Суратпай берген күйкөнүн, / Ак шумкарча баасы бар, / Сымбаттуу сулуу жубандын, / Бир кызчалык баркы бар” / “Ырыстуунун үйүнө, / Жуучу келсин, баатыр, деп, / Ырысы жоктун үйүнө, / Доочу келсин такыр” деп, / Макал айтып, кеп жасап, / Кыз сурамай салты бар, / Куш сурамай наркы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайыңдын баары түзөлүп, / Чегиртке сайрап күү чертип, / Күйкө бийлеп эбеңдеп, / Көрдүңбү, айкөл шерди деп, / Кабар берип баарына, / Королу менен кашкалдак, / Учуп жүрөт сепеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кезек-кезек тору байталды курсакка күрс-күрс теминип алат да, капалуу, күйкөлөң сөзү менен кейип өзүнчө бирдемелерди кобурап кетет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →