күжүлдө

китептерде 46 жолу, 8 китепте
  1. Кептин кызуусуна кирип, күпүлдөп сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетимиш ашып жашаган, / Ак ала сакал Козубек, / Олуйалар колдо, деп, / Күлчоро, Хотен тоосунда, / Ушу бүгүн жөлө деп, / Аңгычакты Йобалы, / Жетип келди күжүлдөп, / Жеткен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бакты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күүлдөшүп күжүлдөп, / Кууратабыз, эми деп, / Жарадар болуп Чигитей, / Жалтайып калды деги, деп, / Казак, каңгай күпүлдөп, / Жазылбай күүсү жатышын, / Башка жактан уккун кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ширөө чыккан темирдей, / Көрөр көзгө күжүлдөп, / Тогуз күн жатып дем алып, / Бар тапканын жеп алып, / Кайратына карк толуп, / Келген экен чыйралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күңгүрөнүп турганда, / Күүлөнүп алган Канчоро, / Күжүлдөп дагы ал келет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →