күжү
- Көрүктүн отту, чокту үйлөп, күйгүзүп, кызартып туруучу ооз жаккы бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тосо чыгып Чолпонбай, / Ким болосуң жүргөн, деп, / Жолун сурай баштады, / Кол баштаган немеси, / Коржоңдоп жооп кылбады, / Кужуру кармап Чолпонбай, / Жыга чаап таштады, / Ач кыйкырык ызы-чуу, / Кызыл кыйан сел агып, / Кыйын уруш башталды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Келбей Кошой калды эле, / Кошой эртең келет, деп, / Кужур–кужур болгондо, / Шоруктун кызы Накылай: / “Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / Бата алып Каныкей, / Бала тууду Семетей, / Пайгамбардай зор Кошой, / Бүгүн келбей калыпт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кеп уккалы Куйалы, / Кужуру кайнап жан ачып: / “Келип калса капташып, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Кез болуп ажал жетпесе, / Батыштагы кырк шаарды, / Башы ачык кылайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн менен Канчоро, / Күжүрлүү күчтүү эр чоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →