күдөрү

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Абдан жакшы ийленген жумшак кайыш.
  2. Макмал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырлар жүрөт аралап, / Ат карыдан кан кечип, / Эр карыдан жин болуп, / Таш баканын далайы, / Талкаланып жүн болуп, / Ылгый сөөксүз жыландар, / Күдөрүдөй ый болуп, / Кескелдирик, батма чык, / Тайны калбай жоголуп, / Жердин бети тилинип, / Таштар чыгып коройуп, / Алты күндүк айлана, / Жуурулуп адам канына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бек кылды, / Душманды карай кек кылды, / Табылгыга саптады, / Бүлдүргө такчу жерине, / Чулгур салып көзөткөн, / Абышканын көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Күдөрү кылган ак кайыш, / Чайан түйүп терс байлап, / Бүлдүргөсүн тактырды, / Арстан эрге тапшырды, / Жоо шайманын жам кылды, / Агар алтын, ак күмүш, / Айанбай кыргыз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катындын бели бош эле, / Күрөшкө чыксам кийерге, / Күдөрү шымым жок эле, / Жаштардын баары тил албай, / Сен жумшасаң баргын, деп, / Чечинип жатат туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тилбеген менен терисин, / Күдөрүдөй ийлеген, / Оозунан мөжүк кан кускан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күдөрүм үзсөм сенден мен, / Көп акыл айттың мага сен, / Дасторкондо сөз урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →