күдөр

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Үмүт, ишенич.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бербесең мейли атамды, / Чычырып алып богун же, / Күдөрүңдү такыр үз, / Нурфану мага тийет дебе, / Өлүп алып кутулам, / Зордуктап алам дегенде! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тирүүлөй Тапак баатырдын, / Катынын тартып алыптыр, / Баш урсун келип жүгүнүп, / Бекер өлүп албасын, / Ардык кылып күйүгүп, / Күдөрүн туура үзбөсүн, / “Сулуусунан” түңүлүп, / Эми кастык кылалбайт, / Алмамбеттин жибек тор, / Мойнуна түштү сыйкырдын, / Сыры калды төгүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Токтосартка Сейтек, / Айтып турган бир кеби: / — Абаке арстан шер Гүлүс, / Келе турган киши эмес, / Сен келди деп жүгүрүп, / Көрүшөөр болсоң өзүң бар, / Көрүнсө салам бергиниң, / Көрүнбөсө абакем, / Күдөрүң үзүп келгениң, / Көрүшөрүн-койорун, / Абамдын сырын билбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эшигиңдин алдына, / Ай сайын келет бир миңден, / Бир тыйын сенден албаймын, / Күдөрүң үзбө сен менден! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жок, ал бир убакта канча кылса да бул иштен эчтеме чыкпасына көзү жетип, күдөрүн үзгөн кишидей бошоп калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →