күдүңдө

китептерде 77 жолу, 8 китепте
  1. Бир нерсенин кабарын угуп, шегин билип, же ойлогон максаты орундалып, өз ичинен кубанган, шаттанган абалда болуу, сүйүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тете деген бар эле, / Илебинди теңсинтпей, / Эрмин деген ал эле, / Чогулушуп күдүңдөп, / Хан көтөрдү аны эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Көл темирге окшоду, / Жеке баатыр эр болду, / Жер жайнаган беш урук, / Талаада калың эл болду, / Талаада жүргөн атын таап, / Телегейи тең болду, / Күүгүм кирип күдүңдөп, / Көз байланган кез болду, / Талаадан тапкан сур аты, / Жүгүргөнү тез болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элден чыгып күдүңдөп: / «Кыргызды алып болгунча, / Жеп болобу бизди, — деп, / Сойушуна бир күндүк, / Токсон доңуз, төрт жүз төө, / Кана бергин тап десе, / Суумерген менен Сурмерген, / Эки күндө бир киши, / Алып келгин бас десе, / Бизден сыйкыр качканбы, / Ойлоп көрсөк бул кезде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күүгүм кирди бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күдүңдөп, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Арттырып кийик эттерин, / Мажикти бастыр, жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →