күдүк

китептерде 13 жолу, 2 китепте
  1. Эмне экендиги, кандай экендиги ачык, так эмес, күмөндүү, шектүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

- / Чакчаңдаган Чабалай, / Калбасы анын бир далай, / Алачыктай Коңурга, / Айтуучу сөзүн айттырбай, / Төрт дуудуусун белендеп, / Чыгып кетти ордодон, / Күдүктү кошо жемелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ханы менен карадан, / Улуу-кичүү баарыдан, / Өмүрүндө Күдүктү, / Бирөө жалган дебеген, / Чабалайча бүгүнкү, / Түк укпаган жемеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
тунук, түбү улук, / Урматымды кылды»,- деп, / Алмамбетке суратпай, / Айтаар ойун белендеп, / Өчөшкөнү Чабалай, / Өкүрүгү бир далай, / Баштан айак бар кебин, / Күдүк айтып калтырбай, / Мында неге келгенин, / Жабырады мамындай: / — Эки түрдүү бар кебим, / Айтканы сага келгенмин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каңгайлардын молдосу, / Баш койгон элдин кожосу, / Айтканы калет болбогон, / Азезил болгон жолдошу, / Ыраңкүдүк молдосу, / Күдүктүн уул Жөргөлөк, / Өткөн жылы жайында, / үйүмө конгон жөргөлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карыбыз калбай кырылдык, / Жашыбыз калбай өлдүк, деп, / Эл дүңгүрөп ыйласа, / Жер токтобойт дүңүлдөп, / Көзүнө түштү төрт киши, / Боз мойноктон күдүкдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →