күбөк

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Кооздук үчүн тагынуучу алтын, күмүштөн кооздолуп жасалган майда-майда желбирөөчтөрдөн турган жасалга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жал, куйругу түпөктөй, / Тумшугуна караса, / Сымга тарткан күбөктөй, / Бүткөн бойу жарашык, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…уйругу ашкан жалынан, / Кулжадай төшү салынган, / Жал-куйругу түпөктөй, / Сулуулугун карасаң, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Тумшугуна карасаң, / Сынга тарткан күбөктөй, / Аккуланын иниси, / Макмал жүндүү аркар сын, / Сарала менен он сегиз, / Баары буудан теп-тегиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жакын кирип келгенде, / Арууке карап жалт этип, / Алтындан күбөк көөхар көз, / Кулагында жарк этип, / Күлө сүйлөп тамылжып, / Жез комуздай шаңк этип: / — Өзүң шаңдуу адамдан, / Атың жалдуу айбандан, / Чоочун жигит экенсиң, / Келген жансың кайактан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сымга тарткан күбөктөй, / Жараганы кабыктай, / Жалдын үстү жабыктай, / Секиргени бүргөдөй, / Семиргени сүмбөдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →