күбүр1
- Үстүнкү бетин муз каптап, асты көңдөйлөнгөн жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоголсун келбей бизге, деп, / Күбүр кылган бар бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үмүтөй менен Керимбай, / Күбүр-күбүр шыбырап, / “Тайгылдык — деп — биз бактан, / Ажырапбыз бокту жеп, / Арка болгон кыргыздан!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Каптаган көк музду кыдырып жүрүп, күбүрдү араң таап, муздак суудан иче баштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →