күбүрө
- Угулар-угулбас кылып сүйлөө, ушактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көзү жок деп күбүрөп, / Кеп кылбагын жок жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күбүрөшүп калышты: / “Күндөн Дөрбөн тойуптур, / Жөнөдү деп өлгөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Качты калмак дүркүрөп, / Караанын көрүп көк жалдын, / Сийдиги агып бүркүрөп, / Калдагай кулак Чойун алп, / Темирбек экөө баш кошуп, / Кеңешке кирди күбүрөп, / Эрдемсиген акмактар, / Амалы кетти бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк айтат күбүрөп: / — Жүрү, энеке, жүрү, — деп, / Асмандагы тийген ай, / Түндө кирди койнума, / Кармап алдым колума, / Семетей болбой ким болот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көрбөгөндөр күбүрөп, / Өзгөчө жаман түрү — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →