кээ2

китептерде 148 жолу, 10 китепте кээ 1 →
  1. Айрым, кайсы бир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Тоо кабышып каңкылдап, / Кээ бир иттин көздөрү, / Чакмак таштай жалтылдап, / Бекбачага жабылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мелтиреп карап турганда, / Кээ-кээсинде бенденин, / Тилеги жетпейт кудайга, / Капташып Отор кагышты, / Хан Чигитей салышты, / Беттешип Отор кагышты, / Бек Чигитей салышты, / Абалтан бери көп жумуш, / Канча күндөр урушкан, / Болуп өткөн көп жулуш, / Дегеле бирөө окшобойт, / Бүгүнкү кагыш бул уруш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…птай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шыпшайдар жүргөн жеринде, / Жам-жайкыт болот кээ бирде, / Жерде шамал, көктө жаан, / Мындайы бар кээ-кээде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →