кээр2
- Кекээр, кекээрлүү, какшыктуу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Азуулары качырап, / Көздөн жалын чачырап, / Жебенин огу зыркырап, / Найзанын күүсү куркурап, / Кол ыштыктай мурундан, / Түтүн чыгып буркурап, / Кезек менен кээри жок, / Чынар менен Мураттын, / Эрдигинин чеги жок, / Биринен бири жазганып, / Тартынып калар жери жок, / Карсылдашып чабышып, / Былчылдата сайышып, / Жаактарын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ачакандан кеп угуп, / Сыр айтамын деп угуп, / Түнкү менен кээри жок, / Айтат экен чынын, деп, / Ачылат экен сырым, деп, / Ачаканды бет алып, / Ачуу менен Саламат, / Атка камчы бир салып, / Жандап өтө бергенде, / Эр Кененим …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тапан хан, Сейит беттешти, / Күч ортосун чектешти, / Каңкылдатып сайышты, / Сайдырбастан кагышты, / Кекенишип турушту, / Кезкерип найза сунушту, / Кезек менен кээри жок, / Акырайа тиктешип, / Ичи жалын, боору жок, / Аманат хан кантер деп, / Айанышар жери жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атам Орусхан эле, / Адам менен кээри жок, / Кара мүртөз жан эле, / Үч киши келди деп уктук, / Элпең-желпең жүгүрүп, / Кызмат кылат сиздерге, / Караанды болуп мынчалык, / кантип калды бул кезде?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →