кыңырак

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Эки жагы тең миздүү, көрксүз жасалган чоң бычак. Көбүнчө кийиз кесүү сыяктуу жумуштарга колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катындын баары камынып, / Отордун алты катыны, / Кыңырак, кестик, бычагы, / Дабытайга жабылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыздын үнү кыл кыйак, / Кыңыраган үндү угат, / Кыйа тартып Абдылда, / Тура калат ушул чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Кетет экен эми, — деп, / Кошо кетти жыртылбай, / Сыйкырлап чапкан кеби” – деп, / Кыңырактай каңшар таш, / Катуу чуркап баратат, / Бутун тепсеп тартканда, / Чыргалаңдап кан агат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →