кыңшыла
- Кыңылдаган ичке үн чыгаруу (мис. ит, күчүк), кыңылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздын кызы сулуу, деп, / Кылымга кеткен наамы бар, / Таластын жерин алганда, / Манастын тагын алганда, / Бул олтурган улуктар, / Үчтөн сулуу алыңлар, / Кыңшылатып кыздарды, / Кылтылдатып жоргону, / Анан элге барыңар, / Тете, Салаа, Каракөз, / Каңгайлардын Саранжа, / Кабарды менден алыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алладан тагдыр ошондой, / Аманат жаны чыркырап, / Эки күчүк баштыкта, / Уулуп-уңшуп кыңшылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Ат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көздөн агып кандуу жаш, / Бала баатыр Сомбилек, / Карып болду жалгыз баш, / Ырп этерге ал калбай, / Кырданып калды алсырап, / Ээсинин көрүп абалын, / Эки тайган кыңшылап, / Алда эмне болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жылкычы чымчыкты тырпыратып, кыздарын кыңшылатып, мээсин чукуп, көзүн оюп өлтүрүп таштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →