кыңкылда
- Акырын үн чыгаруу, өзүнчө түшүнүксүз күңкүлдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Дуулат кыңкылдап: / — Жүр Темирбай баралы, / Мына бу киши калабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошо кезде Кыйазды, / Карап турса Кутубай, / Кара жанга күч келип, / Тер тамчылап тыпылдап, / Сүйлөйүн десе тил келбей, / Ыйлачудай кыңкылдап, / Айчүрөк учуп кетет деп, / Токтоно албай кыпылдап: / — Ой, Кутубай курбалдаш, / Калыссың, айтчы, сөздү ылгап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →