кыңгыра
- Кыңгыр эткен, шыңгыраган үн чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аларды көрүп күч алып, / Заар жүзүнө айланып, / Сом темирди артынып, / Чарайнасын тартынып, / Кетелегин кошо алып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Шилтеген кылыч жеткенче, / Найза менен бир койду, / Булчуң этин жаралап, / Тарамышын аралап, / Билегинен кара кан, / Агып турат салаалап, / Колундагы кылычы, / Кыңгыраган үн чыгып, / Заңгыратып тоолорду, / Бир укмушту сүр чыгып, / Ободо кылыч шыңгырап, / Жалпагынан бир кумга, / Барып түштү жартырап, / Сыйкырын салды миң албан, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кылычтар сынды кыңгырап, / Сыныгы жатат кылдырап, / Найзалар сынды быркырап, / Темири жатат жылтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →