кыштоо1
- Кышында кыштай турган жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сакалдарын карасаң, / Өзүбектин дабындай, / Маңдайынын кеңдиги, / Азык салчу байлардын, / Алты карыш кабындай, / Чекесинин бырышы, / Кой кыштоочу адырдай, / Кең көкүрөк дагдайып, / Тай чабуучу талаадай, / Эки эмчеги салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки жагын карасаң,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эл көчүп барчуу жайлоого, / Кеңири жери мында жок, / Күзүндө барчуу кыштоого, / Деги маалы болгон жок, / Эмне үчүн ак чыйыр, / Кандай болуп калды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мийзам учуп, кыш түшүп, / Окубай куран калабыз, / Эл кыштоого конгончо».
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жайлоого көчүп, бир ашып, / Кыштоого көчүп, бир ашып, / Аламдын татаал белинде, / Жашым жетип он бешке, / Издеп келсем бул жерге, / Таанышканча эл менен, / Түйшүктүү болдум бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ары жактан келген катын, бир убакытта кыштоонун артында тартак-тап, саржан салып жүргөн замчыларды карап алып (алар орус эле):
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →