кыштак
- Анчалык көп эмес калк отурукташкан айыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жылы үчкө толгондо, / Бетирке, Калдык, Каракөз, / Кызылкыз менен биригип, / Баралы деп Таласка, / Беттей албай барышка, / Кашкардакы кыпчактан, / Чоң тойундун кыштактан, / Айдап жылкы алыптыр, / Эбиштен алып жылкысын, / Көкбөрүгө барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жоголуп кеткен буйумду, / Кулданып алган эр акын, / Олжолоп алган кыздарын - / Баарын алып лопнурлук, / Аладыр алып кыштакка, / Алдайгыр алып жайлакка, / Тынасыңбы Лопнурлук?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жар чакырып кыргызга, / Кыз барбы деп кыпчакта, / Кырк жигитим чаптырдым, / Кыйыркы сансыз кыштакка, / Анда Алмаң мындай дейт, / Айалдарын сындайт дейт: / — Кечээ келип мен бүгүн, / Арбыбасын дүрбөңүм, / Катын алам дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жүктү түшүрө элек жатып мен Беккул менен Эшпайды ээрчитип алып кыштакты көздөй жөнөдүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ак-Суу менен Кыргыз-Сайдын ортосунда бир гана кыштак бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →