кышкы

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Кышындагы, кыш мезгилиндеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атып шерди ким жыкса, / Адис мерген эр чыкса, / Койдон жүзүн бөлүп бер, / Бээден кыркты байлап бер, / Жолборс-шерди атканга, / Кышкы согум этиң деп, / Инек уйдан онду бер, / Жакшылап кылгын тилекти, / Артыңда уулуң болбосо, / Ашып кала бербейби, / Анда муну ким ээлер? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тирик жанга бок дүйнө, / Аркан-жипсиз байланта, / Дүйнөгө элиң байланат, / Колуңан кетип өнөгүң, / Тунарып башың айланат, / Өңүнөн азып тууганың, / Кышкы чөптөй саргарат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…за чунайтып, / Найза найзга кагылып, / Балтага балта чабылып, / Найзалар сынып быркырап, / Сыныктары асманда, / Учуп жүрөт чыркырап, / Көзүнөн чыккан оттору, / Кышкы үйүрдөй шыркырап, / Балтанын сырты жарылып, / Нүкүр менен Сейитек, / Тең келишип кабылып, / Жана чыкты бир чоң дөө, / Үстүнө сары жамынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Булуттан чыккан күнчөлүк, / Ысыгы бар ушунча, / Ызгаары бар бетбактын, / Кышкы желде суукча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Артыкча кышкысы кыямат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →