кычыш

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Дененин бир жери козуп дүүлүгүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куйругу түшүп бул аттын, / Кычышып бойу кырсылдап, / Капталын кашып Майтору, / Тиштеп тартып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катайды тиктеп карарып, / Санаасы санга таралып, / Улук болмок башында, / Ушалап муну шаар алып, / Ушаламак турмайлык, / Урушуп араң жан калып, / Кеби көп Табай айтарга: / — Кычык деп айткан жерим бар, / Кычышып калган биз жакка, / Менин убада кылган жайым бар, / Бурулбас пейлим чагым бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…айтат, / Тырмап койчу шилимди, / Кычышкансып баратат, / Шашылып Баймат жетиптир, / Көрө койуп балтаны, / Кокуйлап коркуп кетиптир: / — Айкөл Манас жолборсум, / Кычышты деп ойлойсуң, / Көк шилиңе мадалган, / Балта турат бөлүнүп, / Чоң казандын оозундай, / Көзөөсү турат көрүнүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошол кезде Семеңдин, / Кулактары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансың… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чымын конгон ысыкта, / Чыдабай эти кычышса, / Тырмагандай артынан, / Как ошончо билбеди, / Кадигине илбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →