кычык1
- Эки нерсенин кошулган көңдөй жери, бурчу, чети; коңултак жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катайды тиктеп карарып, / Санаасы санга таралып, / Улук болмок башында, / Ушалап муну шаар алып, / Ушаламак турмайлык, / Урушуп араң жан калып, / Кеби көп Табай айтарга: / — Кычык деп айткан жерим бар, / Кычышып калган биз жакка, / Менин убада кылган жайым бар, / Бурулбас пейлим чагым бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кымыз ичсең чак ичпей, / Кызымтал болуп аласың, / Жоорго туз салгандай, / Кычык сөздөн саласың, / Бул кылыгың койбосоң, / Бир балаага каласың, / Балбан менен тирешип, / Пайданы кайдан табасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ «Бул эмине кылык — деп, / Бул кайдан келген кычык кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →