кычкач
- Чокту, чычаланы, ысык темирди ж.б. кыпчып кармоо үчүн ылайыкталып темирден жасалган курал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Өнөрпоздун бардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керкиттикке, байге жок, / Кейишти салаар кез болуп, / Жээрде атты мен айтам, / Кечкил тумшук кең маңдай, / Кычкач ооз, кең таңдай, / Башында буудан сыны бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп оттун табына кызып турган ысык кычкач менен Бекдайырды шыйрак-тан ары салып калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир кезде сөзүмдү бүтүп, карасам баятан бери менин окуяма карай түсү миң өзгөрүп, эки көзүн менден албай коломтонун жанында кычкачын таянып, эрип калган үйдүн аялы, оор түштөн ойгонуп кеткендей, селт этип башын көтөрүп алды да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →