кытмыр
- Куу, митайым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз кытмыр, арамза, / Жедигер отуз эки миң, / Коросон отуз эки миң, / Испан отуз эки миң, / Оргутуп жерди чаңдатып, / Каракөздүн буйругу, / Сарыдан байрак карматып, / Так…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытайлардын адамы, / Арбын болот амалы, / Кытмыр Коңур сыйкырлап, / Укмуш кылып салганбы, / Башка жолдоп баралы, / Анан чалгын салалы, - / Башынан билбес кишиче, / Башка жакка бурулуп, / Бастырып Алмаң калган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуна бүгүн тийгендей, / Дүйнөнүн тирек түркүгү, / Кытмыр хан айтып бул сөздү, / Дөө уулуна угузду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бакайга сырын билдирбей, / Кейимиш болуп кеп айтып, / Турба Бакай бастыргын, / Баламды алып келгин деп, / Кытмыр Жакып калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Арамзада кытмыр кул, / Кылгылыкты кылдыбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →