кыткылыкта

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Кыт-кыт күлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Зордук менен алат, деп, / Зомбулукту салат, деп, / Коркуп турган ал кыздар, / Калыс экен кыргыз, деп, / Кыткылыктап күлүшүп, / Кыйалында жаратып, / Каалаган эрге тийишип, / Жасалгалуу кыздардан, / Жалгыз бирөө калбады, / Жаман киши албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыз кызыгын эске алып, / Кыткылыктап Тапан хан, / Эртелеп ичип тамагын, / Жатаарга жетпей ашыгып, / Жарыкта чечип чапанын: / Жакын келгин, күйгөнүм, / Жанымды берип сүйгөнүм, / Күндөгүдөн көбүрөөк, / Ысып барат жүрөгүм, / Кирпигиң тиктеп качан деп, / Сени күйүп жүрөмүн, / Өлгүчөктү жолдош деп, / Өмүрүңдү тилейим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аралаш жүрсө эрте-кеч, / Абалыңды билбейби, / Кыткылыктап бир күнү, / Этегин ачып күлбөйбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Куба жүлүн жаш бала, / Кай калаага барасың, / Кандай курган баласың, / Ал-жайыңды айта кой, / Арманда өлүп каласың, / Аралап кирсең өлөсүң, / Атайын кордук көрөсүң, / Жогуңду айтып байан кыл, / Кайсы жакта жүрөсүң, / Адеби жок жаш бала, / Хандын кызы жаныңда, / Кыткылыктап күлөсүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун, өрдөкказдардын гана үнү чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →