кыта
- Сыртынан жабуу, сырт жагынан калкалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытайдан келди кырк миң жан, / Кыйар деген улук бар, / Ишарат менен иш кылат, / Ооз ачып унчукпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…р сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан, / Кызылдай өлө жаздым, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…р бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап олоң тартынып, / Аттанып бу да жөнөдү, / Сом темирин артынып, / Тай буурул менен Сур ат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →