кысык

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Эки нерсенин аралыгындагы тар жер, кууш жер.
  2. геогр. Арал менен материктин же эки деңиздин арасындагы кууш келген суу мейкиндиги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Күнөс менен Жылдыздан, / Азык, Арал, Кунарык, / Арка жагы Ысыккөл, / Чубалып жаткан Теңир тоо, / Күңгөй-тескей бетинен, / Мээ кайнаган ысыктан, / Дем чыкпаган кысыкта, / Амалайдын алдында, / Кешмирден бери карата, / Алтымыш уруу кошулган, / Алаш деп аты угулган, / Өргөнчтөгү кыргыздан, / Ламдын бели кыймадан, / Боз үй тиккен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жийденин түзү кысыкта, / Шылуундар байге бөлүштү, / Беш жүз жылкы бир миң кой, / Баш байгеден көрүштү, / Улам-улам кемитип, / Жакшы болду дегизип, / Он беш атка байге бар, / Оонабаска сайганы, / Санаты кырк беш кара мал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жерим кетип ачынып, / Элим кетип чачылып, / Көзүмө суук көрүнүп, / Коңурбай менен Эсенхан, / Мен кетемин Бейжинден, / Ошолорго кысыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →