кыстар
- Илүү, илип коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп шаштырып, / Чатыраш менен чакмакташ, / Жип катмай, чычкан жүгүрүк, / Дымбырдым боло калышып, / Ойноп жатат кутуруп, / Каныкей кире маңкайып, / Ойуна кедин кыстарып, / Мындай деди тапшырып: / — Эки жигит аттанып, / Суусамырдын сыртында, / Тескейде биздин субай бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Такымына кыстарган, / Нак чойундап куйдурган, / Оордугу келет миң батман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро жетип муштарда, / Өлүмгө жанын кыстарда, / Гүлчоронун найзасын, / Кармай калып ушунда, / Найзаны тартып алышка, / Катуу тийип намыска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип Аса-мусаны Үсөнгө карматып коюп, баягы үчөө бул айтылган сөздү ырас көрүшүп жарышат, узап кетер замат Үсөн тасторконду курчанып, токмокту белине кыстарып, Аса-мусаны минип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →