кысталыш

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Кысталган, кысталып-кыйналган кыйын учур, кыйын абалда калгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйкырышаар кез келди, / Кыжырланган душманга, / Кысталышкан заманда, / Ата журтум Алашка, / Кызмат кылар чак келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыркыңды барсам ээрчитип, / Кызыгышкан урушта, / Кысталышкан жумушта, / Кырылып кетсең баарыңар, / Атама да, өзүмө, / Жаман атты маа калар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ар кандай кыйын жумушта, / Кан төгүлгөн урушта, / Кысталыш жок тамакта, / Жер бетине чыккан чөп, / Андан кытай эли көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйыгына тийгенде, / Кысталышкан жер болсо, / Кызыл кыргын кылгыдай, / Кырып салып тынгыдай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кол салып келген Калдуубет, / Кардын жайа сайамын, / Кыйгылың ичип жата бер, / Кызыл кан агып жошулчу, / Кысталышка барамын, / Кырк миң колу болсо да, / Кыргын салбай калбаймын, / Ал Калдыктын Калдуубет, / Бучкагыма албаймын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →