кысталак
- Көбүнчө эркектерге карата урушкан учурда айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыз деген кысталак, / Кырып жатса түгөнгүс, / Уу тукумдуу санталак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошол капыр чочконун, / Ачуу басып акылын, / Жан көрүнбөйт көзүнө, / Булдурттап тили күрмөлбөй, / Түшүнбөй адам сөзүнө, / Тик багып киши карагыс, / Кысталактын жүзүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Моңгул менен тең турган, / Маңгыт деген бирөө бар, / Маңгыттын эли азыраак, / Маңгыттардын чоңу эле, / Бадыкөл деген кысталак, / Байракты кармап кол баштап, / Батышка Чыңгыш барганда, / Батынып чеңгел салганда, / Колдун жүргөн алдында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, / Кыргызга барган кысталак, / Кызматын кылып жаткын, деп, / Айдап алды, ээрчидим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Сени кысталак, шашпа!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →