кыста
- Кыйын абалга дуушар кылуу, аргасыз кылуу, кыйноо, мажбур кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Биле албай көчүп калганы, / Зыйан ачуу эмеспи, / Кимисин берсем болор, деп, / Кыжалат болуп кысталат, / Байын берсе аз калат, / Тузду берсе мейли-эп, / Чулпулдаткан туз алса, / Таш бербестен бүт алат, / Эки тишти ак колтук, / Ал экөөнөн туз берсе, / Кийин көчт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тынымкан сулуу кызды алды, / Сомбилек кызды алышка, / Кытайдын калкы кызганды, / Кысас болуп кылганы, / Каңгай, кытай кысталды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ Эр Семетей киргенде, / Колтуктан өөдө кол жетпей, / Каптал кайсы, бел кайсы, / Томук кайсы, кол кайсы, / Токмоктоп ура бергенде, / Кызыл алп жаны кыйналып, / Кысталып турган кездерде, / Акым, Шакым эки дөө, / Жайнап аскер кол келди, / Сапка келип тизилди, / Чатырларын түшүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кытайдан келген кызталак, / Кызый-кызый божунап, / Кылым казак журтума, / Эмне үчүн кысталат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Минген кара алайак, / Кара бойу турушу, / Адамдан башка кызталак, / Түрүн көргөн адамдын, / Кең дүйнөсү кысталат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →