кыса2
- Өч, кек.
- Жазасын алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байкабай айтып таштадың, / Жүйрүн дөөнүн кысасын, / Бүгүн сенден аларды, / Унутабы Татылда, / Кулакка жакпас мындайды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акылынан шашкандыр, / Кайдасын деп Тапан хан, / Аркасынан качкандыр, / Канчалык элден кан чачты, / Тартып алып катынын, / Көп кишини какшатты, / Кысасын ал тарткандыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бурдап кармап этегин, / Эми өөдө кыларда, / Колтукка жетсе баланы, / Кыса кармап тынарда, / Тура калып Айчүрөк: / — Баланы алып багууга, / Эби келбейт эркектин, / Айрыкча Кыйаз сен өзүң, / Өтө эпсең экенсиң, / Ачылып калган турбайбы, / Суук тийип жөтөлүп, / Азабын тартат экемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…/ Каныкей менен Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок, / Аз жери бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сака…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →