кыс

китептерде 76 жолу, 10 китепте
  1. Сыга кармоо, бекем кыпчуу.
  2. өт. Кыйноо, кыстоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оторго барбай, көтүң кыс, / Жай-жайыңа кеткин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желкемен тепсеп Сейити, / Жексен кылып ал турса, / “Сексен эки кубулган, / Желмогуз экен кыз эмес, / Сейит айтты, ырас” деп, / Айыңдашып эл турса, / Кыйалым кырк, санаам миң, / Саруулап өңүм бузулса, / Тирүүлүктөн ким тойбойт, / Замана мындай кысылса, / Дартымды уксаң Тапан хан, / Сүйгөнүм, алым ушунча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, / Туур сынын билгенге, / Ыбыкыз десе эп келет, / (Табын тапсаң күндө кыз, / Табын таап салбасаң, / Мээлейиң алып көтүң кыс) / Бүркүтүмдө такыр бар, / Мунун бирөө кем эмес, / Суратыптыр мына деп, / Көтөртүп берсем мен сага, / Жалгызегиң не берет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →