кырылыш1

китептерде 31 жолу, 7 китепте кырылыш 2 →
  1. Кыргын, бирин бири өлтүргөн кыргындуу согуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Моңгулдар барып колбушуп, / Жанай чыгып жол тосуп, / Кырылышып кайран эл, / Кан агызып кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батай, Катай - эрлери, / Эки ингендин элдери, / Кырылышып кытайга, / Буга алы келбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кырылышып өлөмүн, / Жалаңгыч сары Кененим, / Ойлонбоптур өлөрүн, / Көп кишинин бириндей, / Мени ошондой көргөнүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Барсак бербейт кыргыз, деп, / Бул үмүт алыс жылдыз, деп, / Катарлап башын кести, деп, / Кайран балдар кетти, деп, / Олойто чукуп көз алды, / Боорун жарып өт алды, / Ушинтип боздоп бул жерде, / Биз тартканча күйүт, деп, / Өч алалы кыргыздан, / Кырылышып жүрүп, деп, / Кырк жаңжүн жүргөн кез эле, / Кыжырлана күдүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жети суу толгон жедигер, / Кырылышып аз калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →