кырылда

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Кыркыраган добуш чыгаруу, кыркыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кумсар сыйкыр кырылдап, / Чакчыгайдай быжылдап: / — Сейитке найза кактырдым, / Сен кактырган найзага, / Отуз алты аскерди, / Дым тарткызбай жаткырдың, / Кылчайып карап биз жакты, / Найза бер, деп шаштырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мурунку бала түшкөндө, / Ооруган жатып үйүндө, / Душманга кирди кырылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →