кырчылда
- Кырч-кырч этүү, кычыраган үн чыгаруу.
- Абдан катуу суук болуу.
- өт. Толуп турган кез, жаш кез.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тып Сатайды, / Биз Отордон алалы, / Оторго орун бербестен, / Чыгарып элдин четинен, / Карып калган Сатайдын, / Хандыгын кошуп алалы, / Кыйын болсо кыргыздар, / Кырчылдашып багалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аркар өтү, кой өтү, / Аралаш эзип экөөнү, / Бир жанайак бериңер, / Ичеги, карын-курсакка, / Калтырбайт кесел билиңер, / Айуунун өтүн тапкыла, / Берч болгон жерге чапкыла, / Кырчылдак кылбай таратат, / Буга айла тапкыла, / Эми айтарым силерге, / Курсагымды баккыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кырк жаңжүндүн кирпигин, / Кыйа карап көрөлү, / Кылганына көнөлү; / Кылган ишин эп көрбөй, / Кырчылдашып жүрбөйлү, / Ортодо калып экөөнүн, / Көргүлүктү көрбөйлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылыч сууруп кынынан, / Кырчылдашар чагы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →