кырчаңгы

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жылкыда боло турган териси жараланып жыдый баштаган кычыштырма оору.
  2. өт. Бирөөгө тийише берген, жөн турбай тийишип сөз айта берүүчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Менин да сага кебим бар, / Азгырып жүрүп атамды, / Сен алпарып өлтүрдүң, / Кебим тургай кегим бар, / Кырчаңгы болгон жылкыдай, / Мага келип шыйпанбай, / Кайда барсаң, анда бар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жата калып шыйпактап, / Кырчаңгыдай кыйшактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →