кырсык

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Күтүүсүздөн болгон жамандык, кыйынчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муну мындай таштайлы, / Чигитейди тооруган / Кырсыктардан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Бекер бизди бул жерге, / Кычыртпайсың, Чыңгыш хан, / Батыш, түштүк кыргыздан, / Душман туулат турбайбы, / Өчөшүп бизге кырсыккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кебин угуп Абыке: / — Учурап калып Байтерек, / Айттың мага далай кеп, / Акылдуу киши кептенип, / Акыл эмес Байтерек, / Түбүндө мунун кырсык кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Быйыл эки жакка да көп минбей көзүнө карап, багып- жүрдүм эле, аягында минтип кырсык чалып алды... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү өзү кырсыкка учурап өлүптүр. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →