кыроо
- Күн сууктаганда (мис. чөптү) каптап калуучу кар сыяктуу жука катмар.
- өт. Агаруу, ак түшүү (чач, сакал, мурут жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Боз кыроолуу мезгилде, / Сонордун сонун кезинде, / Бүркүт салып Бокмурун, / Келбей калды кечинде, / Шайы кетип бошоду, / Ошол күнү бешимде, / Бокмурунду чакыр, дейт, / Келе түшүп эсине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Сейтек менен Айчүрөк, / Кыйазга жете келишип, / Баргандан баштап кеп салып: / — Келинди алып түндүгүн, / Көтөрүп койдук, — деп салып, / Калдайып өзүң баш болуп, / Боз кыроо айы келгенде, / Көчүрүп келсек, келинди, / Калың менен каадасын, / Алынча кылып ырымды, / Бул акыл сага жарайбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тышка чыксак жердин баары боз кыроо.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →