кырмычык
- Көбүнчө сүттү бышырганда казандын түбүнө күйүп калганы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жууган сүттү Кызылкыз, / Чоң казанга куйдуруп, / Отко асып кайнатып, / Кырмычык кылып катырып, / Элди сактап калам деп, / Ар амалдап иш кылып, / Бекбачаны сүткө жууп, / Сүттү отко кайнатып, / Күйгүзүп заарды жоготуп, / Сактап калды Таласты, / Таластагы алашты, / Ыраазы кылды арбагын, / А дүйнө кеткен Манасты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →