кырмызы
- Чымкый кызыл.
- Кызыл жибек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аң, / Ак мейкин зоодой мелтиреп, / Бойго жеткен кыздары, / Озунган сууну келтирет, / Адашып калат эчендер, / Эсин таппай темтиреп, / Кыргый сөөк, кымчак бел, / Кырмызы көйнөк тасма бел, / Тал-талдап тизип өрдүргөн, / Желкесинде чачын көр, / Бешенеге жарашкан, / Калемдей кара кашын көр, / Ийини салык, мойну кез, / Алмадай болг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыздары кийип кызылды, / Кырмызы көйнөк узунду, / Келиндер кийип кетени, / Жаздыкка тартып кештени, / Уулдар кийип шайыдан, / Ай сайын да жаңыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыргый мүчө, кымча бел, / Кырмызы көйнөк тасма бел, / Барынча кийип буралып, / Белдемчи белде чубалып, / Хан баласы Каныкей, / Кирип келсе айлына, / Ырчы уулдун үйүндө, / Чуркураган үн чыгат: /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп желмогуз айтканда, / Кыйа карап кылт этип, / Кайра тартып басканда, / Тапан хан жаман шашты анда: / — Тура тургун, нур кызы, / Кийгениң жибек кырмызы, / Тирүү жүргөн адамдын, / Ободо чолпон жылдызы, / Айтканыңа түшүндүм, / Капаланып сен үчүн, / Кайгыдан канча үшкүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кардын жарып нечендин, / Ичегисин чубалтып, / Кырмызы шаанын Мурадил, / Кызыл атын чуратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →