кырма1

китептерде 18 жолу, 8 китепте кырма 2 →
  1. Түркүн жыгачтан ар кандай идиш-аяктарды, үй буюмдарды жасоодо жана кооздоодо колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тапшырып Кенен баарыны, / Кырма кызыл дарыны, / Кайнатма кара дарыны, / Катырып койгон сарыны, / Адырашман, эрменден, / Жашыл мийа дегенди, / Кылтырык арпа, медийан, / Ошолордун баарынан, / Даны бар чөптөн чогултуп, / Жетимиш эки уруудан, / Чогулутуп туруп катырды, / Күндө берип үч талдан, / Бактыбайды бактырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жакып байдын Туучунак, / Сыргак кармап миниптир, / Сыздырып жолго кириптир, / Келер иштин бардыгын, / Ойлой жүрөт Каныкей, / Керек болор эмесин, / Камдай жүрөт Каныкей, / Эбеп, себеп дары бар, / Апы-сапы дагы бар, / Кырма-кызыл кыйын бар, / Кайнатма кара жана бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Апы менен сапыдан, / Эбеп менен себептен, / Медетке нушту коштуруп, / Кырма кызыл эритип, / Эби менен жуткуруп, / Кылайган жерде оору жок, / Сейтек калды кутулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Салкыны сырттын шамалдай, / Ачуудан өңү татарып, / Кырманда калган самандай, / Алдымда өлдү канчасы, / Өлүмдөн коркуп жазганбай, / Өңөрүп өңкөй жарагын, / Бастырып чыкты бул кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →