кырман
- Эгин бастыруу үчүн атайы тазаланып жасалган аянт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоңжинди бала өзү тың, / Жанында бала Мажик тың, / Жерди казып аң кылып, / Агызып сууну шар кылып, / Айабай экти эгинди, / Тоодой кырман бар кылып, / Караногой карыны, / Кубантып көөнүн жай кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Буурчак баскан кырмандай, / Чокуруң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Андай эмес, Сейтек, / Карылардын кеби бар: / “Камдабай саан алдында, / Дайардап саба алгын” деп, / “Кызылдабай кырманды, / Ороңду казып салгын” деп, / Чынында, балам, ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бара түшкөндө бери жагынан дагы бир кырман көрүндү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жаңкы кырмандын ээси болсо керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →