кыркыра
- Алкымынан кырылдаган дабыш чыгаруу, кырылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…р ойулуп кетет деп, / Тешикке кирген айбанат, / Баары ыйлап буркурап, / Агын суулар аркырап, / Токтоо суулар шыркырап, / Аңкуш-аңкуш дей албай, / Суурлар калды кыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ботодой боздоп буркурап, / Бүткөн бойу зыркырап, / Жаш кулундай чыркырап, / Буулугуп үнү кыркырап, / Өлөмүн деп көгөрүп, / Өксөп ыйлап жатканда, / Кайраты артык Көкжал шер, / Кененим келди жанына: / — Ээ, эси жок көк кемпир, / Сеники эмес Сейити, / Экөөбүзгө тең эле, / Ата–энеси биз тургай, / Калың элге бел эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →