кырка
- Катар, тизмектешкен, каз катар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайында киши барбаган, / Кышында киши барбаган, / Күзгү эгин бышканда, / Узун айак бодо мал, / Баарын анда бакчу эле, / Эмне кылган, адам, деп, / Аттанып ага барам, деп, / Турнабайын шыкаалап, / Тиктеп калып бекемдеп, / Кырка тоону караса, / Байрак турат делбиреп, / Адам жүрөт делдеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улуктугун урматтап, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Төрөлөр жакка өткөзүп, / Аш-тамагын татканда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кырка-кырка тоо менен, / Алды чөл жазы кум менен, / Агынсыз булак суу менен, / Мээ кайнаган ысык шор, / Бул сапарда көргөнүм, / Мына мындай кызык жол, / Эңиш тартып салаңдап, / Арканы карап алаңдап, / Бойлодук кара тоону биз, / Эки бетин аралап, / Күн отузга толгондо, / Кызыл чапан элине, / Барып жеттик ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ал кыргоолду кылтактайт, музду бузат, жаанды болсо эч тоотпойт, жерди тыткылап айдайт, токойду тыптыйпыл кыркат, өрттү, шамалды өз пайдасына жумшайт, чөптү чаап алат, койду союп жейт, мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборстун жанын чыгарып жок кылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →