кырдуу

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Кыры бар.
  2. Көп жактуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ын, / Куйругун ача түйүшүп, / Көкүлдөрүн шүйүшүп, / Ашты карай жол алып, / Жоо жарагын мол алып, / Күпсөргө салып дары алып, / Окшуурга салып ок алып, / Он эки кырдуу милте алып, / Уу жалаткан найза алып, / Каражаак балта алып, / Албарс кылыч курч алып, / Булдурсун камчы кошо алып, / Асабаны колго алып, / Боз кисе жанга байл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шатыкени хан Калча, / Түк киргизбейт колуна, / Бирине-бири тыңдуусуп, / Шатыке өзү жаралуу, / Калча турат кырдуусуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Канчородон мыктуусуп, / Мында келдим тыңдуусуп, / Канчородон кырдуусуп, / Суудан кантип өтөм — деп, / Уйалбай кантип кетем — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →