кырдач

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кыр, кырынан келген, жалпак эмес, тигирээк келген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызыл жүздүү, ак беттүү, / Кыздан сулуу келбеттүү, / Айдардын учу жылтылдап, / Тизип койгон немедей, / Төп келтирип берметти, / Мурду кырдач, кара каш, / Кабагы бийик, өңү саз, / Эрибес боору, кара таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кумар көздүү кара каш, / Мурду кырдач, тиши аппак, / Кыргый мүчө, ичке бел, / Сыртына кайкы келишкен, / “Атка бергис кунан, — деп, / Кызга бергис жубан” деп, / Ошол жерде Айчүрөк, / Тура калды мелтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Көзү капкара, мурду кырдач, эти жок чилмийген арык кара бала. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →