кырдан
- Кырынан келген абалда болуу.
- Кырынан жыгылуу.
- өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, мыктысынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манас деген үндү угуп, / Бактыбай жеткен экен, деп, / Калдык калды шашылып, / Өбөктөгөн атына, / Оңдонуп минди ашыгып, / Койуп өттү аңгыча, / Козубек кары качырып, / Кары да болсо Козубек, / Кайраты толук ушул кез, / Кыйрынан сайган Козубек, / Карасурдан кырданып, / Жер тайанды хан Калдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тору ат менен кырданып, / Түпөктүү найза ыргалып, / Бастырса болбой Кубатай, / Кетейин деп чыр салып, / Кабылан бала сурады, / Кайрылып басчуу неме эмес, / Ал кубатай бу дагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п, / Күнү-түнү санаты, / Эки күнү беттешип, / Кайта кетип Кутургур, / Кабаттап кийип темирди, / Качырып кирди сурданып, / Кайра тартпас Гүлүстөн, / Катуу тийди кырданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сарыдан кийим шымданып, / Ак калпак кийип кырданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →