кыргында

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Кыргын салуу, кырып-жоюп таштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баткактай болуп жуурулган, / Кыргында аккан кан кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Эр Татыбек баштаган, / Баатырлардын кыргында, / Өлгөнүнөн баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сейит менен басташып, / Кыргыз менен касташып, / Таламын элдин талашып, / Ач кыйкырык – куу сүрөөн, / Кызыл кан аккан кыргында, / Акылыман азбадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жоголду Чубак кыргында, / Жок болду үч ай чынында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Карсылдашкан кыргында, / Канчасы барган каңгайдан, / Караса баатыр Сомбилек, / Ал көзүнө таанымал, / Элүү бирге бердирди, / Чакыртып келип андайдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →